Кытайдын Ханчжоу шаарында толугу менен роботтор башкарган ресторан ачылды. Анда бардык процессти жасалма интеллект аткарат — тамак-ашты даярдоодон конокторго тапшырууга чейин.
Аш тизмеде 100дөн ашык тамактын түрү сунушталат. Учурда кафеде 10дон ашык робот эмгектенип жатат. Кээ бири тамак жасаса, айрымдары кофе даярдайт, үчүнчүлөрү залды жыйнайт. Уюштуруучулар белгилешкендей, бул адамдын катышуусу такыр жок болгон алгачкы ресторан болуп эсептелет.



