Кызыл диплом алган жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик кызматтын кадрлар резервине сынаксыз киргизилиши мүмкүн.
Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, айрым категориядагы бүтүрүүчүлөр үчүн кадрлар резервине стандарттуу тандоодон өтпөстөн кирүү мүмкүнчүлүгү каралган.



