Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Анын алкагында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары эки жылда Кыргызстандын бардык аймактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ага 21 миллион сомго жакын каражат жумшалат.
Учурда өлкөнүн Кызыл китебине жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда делген куштун 57 түрү, 23 сүт эмүүчү, балыктын 7 түрү, курт-кумурсканын 18 түрү жана өсүмдүктөрдүн, козу карындын 89 түрү кирет. Жаныбарларды аткандарга айып пул салынат.



