Кызыл-Кыя шаарында 10 автобус каттамга чыкты

Кызыл-Кыя шаарында 10 автобус каттамга чыкты. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Транспорт кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 740 миң долларга лизингге алынган.

 

Автобустар Япониянын технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулгу үчүн бардык шарттары бар.