Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор аймакты өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдук республикалык бюджеттин алкагында каржыланууда. Анын ичинен 80 млн сомго базардын аймагында негизги инфраструктуралык иштер аткарылды. Учурда долбоордун кийинки этабын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу каралууда.
Объекттин жалпы сметалык баасы 1 млрд сомго чейин бааланууда. Базар ачылса жаңы жумуш орундары түзүлүп, шаар экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.



