“Кызыл-Кыя унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө 29-ноябрдан тарта электрондук кезек системасы ишке кирет

“Кызыл-Кыя унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө 29-ноябрдан тарта электрондук кезек системасы ишке кирет. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, жаңычылдык чек арадан өтүү процессин тездетип, транспорт каражаттарын оптималдуу бөлүштүрүүнү камсыздайт.

 

Андан тышкары, тыгындарды азайтып, товар жүгүртүүнү натыйжалуу кылып, чек арадан өтүү процессинин ачыктыгын камсыздайт деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.