Өлкөдө билим берүү тутумун трансформациялоонун алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин катарына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы №1 мектеп кирди.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, учурда бул окуу жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө. Өзгөчө көңүл STEM, информатика жана эмгек кабинеттерин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө бурулган.
Оңдоо иштери аяктаган соң мектепке заманбап эмеректер, лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдыктар берилип, заманбап инновациялык илимий-техникалык аянтча түзүлөт.



