Лебединовка чакан ГЭСин реконструкциялоо иши башталды

Чүйдө Лебединовка чакан ГЭСин реконструкциялоо иши башталды.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен камсыздалган. Тактап айтканда, Каржы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен тиешелүү макулдашууларга кол коюлган.

 

Жалпы баасы 13 миллион евродон ашат, анын ичинде 8,5 миллиондон көбү кредиттик каражаттар болсо, 5 миллион евросу грант.