Лейлек районундагы Мурас айылында таза суу системасы реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада айылдагы 537 кожолук же 3 миң 500гө жакын тургун сапаттуу суу менен камсыз болду. Буга чейин айыл эли эски система менен график боюнча суу алып келсе, эми таза суу сутка бою үзгүлтүксүз берилет.



