Лейлек районундагы Кең-Талаа айыл аймагында 100 гектар жерге заманбап тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн көлөмү 12 миң куб метр суу резервуары курулду.
Учурда Түркия жана Өзбекстандан алып келинген өрүктүн жогорку сапаттагы эки сорту отургузулууда.
Жаңы технология сууну 40-60 пайызга чейин үнөмдөйт жана түшүмдүүлүк 20-50 пайызга жогорулайт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



