Бишкектин Ленин районунун акими Руслан Тагаев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.