Бишкекте 20-июлдан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кесилиште жаңы транспорттук түйүн жана көпүрөнү куруунун экинчи этабынын алкагында иштер жүрөт.
Эске салсак, долбоордун биринчи этабында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси ачылган.



