Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.
“Кыргызгидромет” кызматы билдиргендей, ушул жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө. Мындан улам айрым жерлерде дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоо, сел кооптуулугу бар аймактарда этият болуу жана зарылчылык болбосо тоолуу жолдорго чыкпоо сунушталат.



