Өлкө аймагында үшүк жүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги синоптиктердин маалыматына таянып билдиргендей, 28-29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы күтүлөт.
Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Жарандарга сак болуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



