Өлкө аймагында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

Өлкө аймагында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев билдирди.

 

Ал айрыкча түнкүсүн шаар тургундарына тынчтык бербей, унаа жарыштарды уюштурган, катуу ылдамдыкта унаа башкарган жана жол кырсыктарына себеп болгон айдоочуларга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мас абалында унаа айдаган айдоочуларга карата жазаларды күчөтүү тапшырмасы берилди.