«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өлкө боюнча электромобилдерди кубаттоочу алгачкы 30 станцияны орнотту.
Ишканадан билдиришкендей, кубаттоочу станциялар калктуу конуштарга жана туристтик стратегиялык багыттарга, өзгөчө Бишкек – Торугарт жолунун боюна жайгаштырылды. Анын ичинде:
- Чүй облусу – 14 даана;
- Нарын облусу – 8 даана;
- Ысык-Көл облусу – 6 даана;
- Талас облусу – 2 даана коюлду.
«Ар бир станциянын кубаттуулугу 120 кВтты түзүп, электр унааларын кыска убакыт ичинде тез кубаттоого мүмкүндүк берет. Долбоор «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, жыл аягына чейин өлкө аймагында мындай станциялардын санын 100дөн ашыруу пландалууда.



