Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт

Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт.

 

Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын президент администрациясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт. Каржылоону жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет.