Өлкөдө 1 миң 702 бала оор кырдаалдан чыгарылды

Өлкөдө 1 миң 702 бала оор кырдаалдан чыгарылды.

 

Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык,  жыл башынан бери оор турмуштук кырдаалда жашаган 3 миң 600дөн ашык бала аныкталган.

 

Ошондой эле ушундай абалда калган 1 миң 937 үй-бүлө аныкталып, алардын 260ы бул абалдан чыгарылган. Үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлүп, документтерин калыбына келтирүүгө, билим алууга жана жумушка орношууга көмөк берилди.