Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 130 айылда жаңы ичүүчү суу системаларын курууга даярдык иштери жүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор ишке ашса, 450 миңден ашуун тургун таза ичүүчү суу менен камсыздалат.
Мындан тышкары, сегиз райондо ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишканаларды түзүү иштери жүрүп жатат.



