Өлкөдө 2030-жылга чейин 385 жаңы ишкана ачылат

Өлкөдө 2030-жылга чейин 385 жаңы ишкана ачылат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, тизмеге 40 соода-логистикалык борбор, 45 ири кайра иштетүүчү завод, ошондой эле 300 кичи жана орто бизнес ишканалары бар.

 

Алар эт, сүт, балык жана мөмө-жемиштерди ири көлөмдө сактоого, кайра иштетүүгө шарт түзөт.

 

Объектилер өлкөнүн бардык аймактарында ачылат деп күтүлүүдө. Программа фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортко кетүүчү продукцияны көбөйтүүгө багытталган.