Өлкөдө 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылат

Өлкөдө 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул күнү бардык мектептерде салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

 

Ведомство бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине иш-чараны өткөрүү үчүн акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине көрсөтүлгөн иш-чарадан тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынарын эскертет.