Былтыр республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 11 пайызга жакыны билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 5 миңге жакын уюмдар иштейт, аларда 133 миңге жакын педагогдор 2,3 млн тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.
Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 94 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 36 миңге жакыны шаардык, 58 миңи айыл жерлериндеги мугалимдер.



