Өлкөдө азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда

Өлкөдө азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда.

 

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.

 

Жарманке баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатын көздөйт. Иш-чара июнь айына чейин уюштурулмакчы.