Өлкөдө туристтердин коопсуздугу жана ыңгайлуу навигациясы үчүн атайын маалыматтык такталар орнотулду.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, жаңы такталар “Жомок” каньонунда, Соң-Көлдүн жээгинде жана өлкөнүн башка бир катар популярдуу туристтик локацияларында пайда болду.
Алар саякатчыларга багытты туура табууга жана аймактар тууралуу керектүү маалыматты алууга жардам берет.



