Өлкөдө күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн жеңилдетилген шарт түзүлөт

Өлкөдө күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактары үчүн жеңилдетилген шарт түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Ага ылайык, тишелеүү станцияларды курууга жерлерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүү каралган. Андан тышкары, жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 71 кайра жаралуучу энергия булактарынын субъектилерине күбөлүк берилген. Аларга 68 кичи ГЭС, 1 күн станциясы, 1 шамал мачтасы жана бир сүзүүчү фото-электр станциясы кирет.