Өлкөдө кызмат көрсөтүүнүн баасы дээрлик 20%, эттин баасы 17,5 % өстү

 

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнүн баасы дээрлик 20%, эттин баасы 17,5 % өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда жарыяланды.

 

Отчетто көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда экинчи кварталдын жыйынтыгында инфляция 11,1% түздү.

 

Божомолго караганда, баанын өсүшү жыл аягына чейин 15% жетиши мүмкүн.