Өлкөдө “Мал аман” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ага 1,5 миң ветеринар жумушка алынат.
Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.
Анын айтымында, адистер малды эмдөө жана кан алып текшерүү сыяктуу мамлекеттик тапшырмаларды аткарып, айлык алышат. Ветеринарлардын айлыгы 30-40 миң сом болуп, ишине жараша бонус менен 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Ишкана толук кандуу кийинки жылдан тарта иштеп баштайт.



