Өлкөдө сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулууларга, 65 жаштан жогоркуларга, кош бойлууларга, көп ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине сунушталат.
Эмдөөнү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан акысыз, ал эми Бишкектеги жеке клиникалардан 850 сомдон баштап алууга болот.



