Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүнтөн тарта 12-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

 

Жарандарга сак болуу сунушталат.