Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 70 пайызы жыйналды

Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 678,4 миң га аянтынын 478,8 миң гектары жыйналды, бул 70,6 % пайызды түзөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (467,9 миң га) бир аз ашык.

Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк 26,2 ц/га түзүүдө.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.