Өлкө магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкө магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери тынымсыз жүрүп жатат.

 

Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпай, жол эрежелерин так сактоо керек.