Өлкө мектептериндеги 5-класстар үчүн “Табигый илимдер” предмети боюнча жаңы китептер басылып чыкты

Өлкө мектептериндеги 5-класстар үчүн “Табигый илимдер” предмети боюнча жаңы китептер басылып чыкты. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, окуу куралдарынын жалпы нускасы 153 миңди түздү.

 

Китептер кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептер үчүн арналган. Жакынкы арада алар өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерге жеткирилет.