Өлкө мектептерине дээрлик 97 миң бала катталды

Өлкө мектептерине дээрлик 97 миң бала катталды. Порталдагы ачык маалыматтарга ылайык, учурга карата дагы 189 миң бош орун бар. Эске салсак, балдарды мектепке каттоонун биринчи этабы ата-энесинин туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлүп, ал 1-июнга чейин созулат.

 

12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу быйыл балдар дароо биринчи жана экинчи класска кабыл алынууда. 2018-жылы төрөлгөн балдарды система автоматтык түрдө экинчи класска, ал эми 2019-жылкылар биринчи класска катталат.