Быйыл өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ишканалар министрликтин ар тараптуу колдоосу менен экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында ачылат. Аны каржылоо үчүн республикалык бюджеттен жана чет элдик инвестициялык каражаттарды тартуунун эсебинен 33 млрд 190 млн сомдон ашык акча сарпталаары пландалган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



