Өлкөнүн айрым аймактарында мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды

Өлкөнүн айрым аймактарында мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды. Бул тууралуу 24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, курч респиратордук вирустар жана сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу, Бишкекте 25, Чүй облусунда 30 бала бакча жабылды. Ал эми Ошто 5 мектеп онлайн окууга өттү. Калган аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу, — дешти ведомстводон.