Өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок

Өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Өтмөк ашуусу да транспорттун бардык түрүнө ачык.

 

Ал эми Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда катуу бороон болуп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Азыркы тапта жолчулар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.