Өлкөнүн бардык аймактарында дарбыз, коон жана жашылча-жемиштерди сатуу үчүн атайын соода аянтчалары ачылат

Өлкөнүн бардык аймактарында дарбыз, коон жана жашылча-жемиштерди сатуу үчүн атайын соода аянтчалары ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Соода аянттарын уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.

 

Мындай чара ата мекендик дыйкандар менен фермерлерди колдоого багытталат жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алуу максатында кабыл алынды.