Өлкөнүн башкы магистралдары ачык, каттам бар. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.
Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, жол эрежелерин бузбай жүрүү сунушталат.



