Өлкөнүн хоккей боюнча жаштар командасы Азия кубогунда күмүш медалга ээ болду. Бишкекте 18 жашка чейинкилер арасында хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды.
Турнирдин финалында кыргызстандыктар Өзбекстан командасына 2:3 эсебинде утулуп калды. Ал эми III орунду Монголия курамасы алды. Эл аралык турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Индонезия, Монголия жана Индия командалары катышкан.



