Өлкөнүн негизги трассаларында “Автоураган” комплекстери жол эрежесин бузууларды каттап жатат.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги унаа жолдорунда интеллектуалдык видеобайкоо камералары, аппараттык-программалык комплекстер жана мобилдик көзөмөлдөө тутумдары этап-этабы менен орнотулуп, ишке берилүүдө.
Бүгүнкү күндө комплекстер Бишкектин аймагында, ошондой эле Бишкек – Кордай, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жана Бишкек – Ош унаа жолдорунун айрым тилкелеринде иштеп жатат.



