Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2-апрелге чейин Бишкек — Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолдорунда кар массасы түшүшү мүмкүн.
Айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап жүрүшү керек.



