Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 23-24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад, Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Буга байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.