Өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд долларга жакындады

Ушул жылдын май айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951 млн доллардан ашты. Анын ичинен 4 млрд 739 млн доллар ички, 5 млрд 212 млн доллар тышкы карыз.

 

Тышкы карыздын көп бөлүгү — 1 млрд 414 млн доллардан ашыгы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

 

Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 42,10% түздү.