Өлкө жолдору ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Талас — Тараз –– Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат.
Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды. Ал эми Башкек – Нарын – Торугарт жолундагы ашууларда күн ачык, жолдо каттам бар. Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



