Майдан баштап Бишкек — Ош авиакаттамына билет баасы 6 миң сомдон ашпайт

Майдан баштап Бишкек — Ош авиакаттамына билет баасы 6 миң сомдон ашпайт. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын башчысы Айбек Мамыралиев билдирди.

 

Ал белгилегендей, айрым компанияларда билет баасы бир тарапка 8 миң 200 сомго чейин жеткени аныкталган. Эске салсак, акыркы убакта социалдык тармактарда май майрамдары учурунда Бишкек — Ош — Бишкек багыттарына учак билеттеринин баасы 10 миң сомго чейин чыкканы кызуу талкуу жараткан.