Май майрамдарына карата Бишкек автобекетинде каттамга чыккан унаалардын саны көбөйөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш күндөрү Ысык-Көл жана Нарын багыттарына 100гө чукул унаа чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт. Бишкек шаарындагы автобекет таңкы саат 7ден түнкү 11ге чейин иштейт.
Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашкар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда.
Мындан тышкары, батыш багытын тейлеген Ак-Кула автобекетинде Талас облусуна жана Ташкент, Жизак эл аралык автобус каттамдары иштөөдө.
Ал эми 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен багыттары боюнча кичи автобус каттамдары да ишке киргизилет.



