Бюрократияны кыскартуудан түшкөн акча башка мамлекеттик кызматкерлерге сыйлык катары берилет. Үнөмдөлгөн каражаттарды бөлүштүрүү тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекеттик аппаратты кыскартуудан калган бардык каражат Мамлекеттик органдарды өнүктүрүү жана стимулдаштыруу фондуна топтолот. Эгер мамлекеттик органдардын штаты көбөйсө – чыгымдар биринчи кезекте ушул Фонддун эсебинен жабылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



