Мамлекетке болгон карызы үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жарандарга аэропорттон эле төлөп кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Мамлекетке болгон карызы үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган жарандарга аэропорттон эле төлөп кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Сот департаментинин директору Медербек Сатыев парламентте билдирди.

 

Анын айтымында, атайын автоматташтырылган программа иштелип чыкты.

 

Карызды аба майдандагы терминал аркылуу эле төлөп, маселе ашып кетсе 20 мүнөттө чечиле тургандай шарттар түзүлүүдө. Белгилеп кетсек, учурда жарандардын чет өлкөгө чыгышына чектөө сот аткаруучунун токтому менен коюлат, тыюуну алуу үчүн дагы сот аткаруучунун токтому керек.