Мамлекеттик ипотекалык компания ушул айда кезекте турган жарандарга батирлерди тапшырат.
Уюмдун башчысынын орун басары Нургазы Атакановдун айтымында, Бишкекте Маликов, Бекматов, Анкара, Кустанай көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында жайгашкан турак-жай комплекстеринин курулушу аяктап калды. Комплекстерде парковка, социалдык объектилер каралган.



