Мамлекеттик экспертиза департаменти толук санариптештирүүгө өттү

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти толук түрдө санариптештирүүгө өттү. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

 

Мындан ары кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуу токтотулуп, бир гана электрондук форматта жеке кабинети (портал) аркылуу долбоордук сметалык документтерди тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

 

Белгиленгендей, кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 15-январына чейин болот.

 

Суроолор боюнча номер: +996 706 226 337; +996 706 260 399. +312 362650; +312 312676 номерлерине кайрылуу керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.